Кара-Сууда эл Тилек Матраимовдун кабинетин басып алган видео тарады

6 октября 2020 Кара-Сууда эл Тилек Матраимовдун кабинетин басып алган видео тарады

Оштогу Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовдун кабинетин топ адамдар басып алып, өздөрүнүн акимин дайындаган видео тарады.

Видео

Видеодон кепка кийген жигитке жанындагылар каалоо-тилек айтып жатканын угууга болот. Ал эми өзүн аким эсептеген киши шайлоодо партиялар форма №2 колдонуп, мыйзамсыз жеңишке жетишкенин айткан.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов 2012-жылдын февраль айынан тарта Кара-Суунун акими болуп иштеп келет. Парламенттик шайлоо алдында ал кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы тууралуу имиштер тараган. Бирок өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү маалыматты төгүндөп, Матраимов эмгек өргүүгө чыкканын билдирген.

sputnik