Жанылыктар

УКМКнын өздүк курамы Суваналиевден баш тартты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын өздүк курамы, жетекчилиги жана ардагерлери УКМК имаратынан Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиевди чыгарып коюшту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

9 октября 2020
УКМК: Өзбекстан Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди

Кыргыз-өзбек чек арасынан кармалган Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов жана анын жанындагы эки адамды Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

9 октября 2020
Жээнбеков президенттиктен бир шарт менен кетүүгө даяр экенин айтты
Жээнбеков президенттиктен бир шарт менен кетүүгө даяр экенин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасап, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

9 октября 2020
Президенттин администрациясы: Жээнбеков кызматын тапшырууну пландаган жок
Президенттин администрациясы: Жээнбеков кызматын тапшырууну пландаган жок

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүнү пландаган жок. Бул тууралуу РИА Новости мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиевага таянып кабарлады.

9 октября 2020
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз
Аянттагы кагылыштан көз жумган Үмүтбектин агасы: күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз

Борбордук аянттагы милиция менен митингчилердин кагылышуусунан бир өмүр соолуду. Ал — Баткен облусунун кулуну, 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу.

9 октября 2020
Жээнбеков Бороновдун отставкага кетүү боюнча арызына кол коё элек
Жээнбеков Бороновдун отставкага кетүү боюнча арызына кол коё элек

Буга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Бороновдун отставкага арыз жазганы маалым болгон. Бирок ага президент кол коё электигине байланыштуу өкмөттүн азыркы курамы иштеп жатат.

9 октября 2020
Жапаров: Сооронбай Жээнбеков тынч эле кетип калайын деп айттырды
Жапаров: Сооронбай Жээнбеков тынч эле кетип калайын деп айттырды

Премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч эле кетип калайын деп айттырып жибергенин билдирди.

9 октября 2020
Спикер Жээнбековго: депутаттар президентти кызматтан четтетүү аракетин баштады
Спикер Жээнбековго: депутаттар президентти кызматтан четтетүү аракетин баштады

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталды. Бул тууралуу төрага Мыктыбек Абдылдаевге шилтеме берип парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.

8 октября 2020
Мелис Мырзакматов: президент мага телефон чалган. Видео
Мелис Мырзакматов: президент мага телефон чалган. Видео

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшкөнүн журналисттерге билдирди.

8 октября 2020
Сооронбай Жээнбеков парламенттин төрагасы менен импичмент маселесин талкуулады
Сооронбай Жээнбеков парламенттин төрагасы менен импичмент маселесин талкуулады

Президент Сооронбай Жээнбеков импичмент маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев менен талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. 

8 октября 2020
Курсан Асанов митингде жаракат алган кызматкерлерге барды. Сүрөт
Курсан Асанов митингде жаракат алган кызматкерлерге барды. Сүрөт

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов массалык башаламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын көрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

8 октября 2020
Ошто Сооронбай Жээнбековду колдогондор митингге чыкты. Сүрөт
Ошто Сооронбай Жээнбековду колдогондор митингге чыкты. Сүрөт

Нааразычылык акциясынын катышуучулары бул тынчтык митинги экендигин билдиришкен. Алар "Легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков!", "Бизге стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук керек!", "Мамлекет укуктук талаага кайтсын!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.

8 октября 2020
Бишкектеги кагылышууда каза болгон жигиттин сөөгү Баткенде жерге берилди. Сүрөт
Бишкектеги кагылышууда каза болгон жигиттин сөөгү Баткенде жерге берилди. Сүрөт

Эске салсак, 5-октябрда "Ала-Тоо" аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен болгон кагылышууда 686 киши жабыркаган.

8 октября 2020
Курсан Асановдун издөө жарыяланган уулу Кыргызстанга кайтты
Курсан Асановдун издөө жарыяланган уулу Кыргызстанга кайтты

2019-жылы издөө жарыяланган Мухаммед-Али Асанов Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу анын атасы, ИИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов маалымат жыйында билдирди.

8 октября 2020
Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан топтор чабышып кетти
Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан топтор чабышып кетти

Жапаровдун 400гө чукул тарапташы аны колдоо максатында митингге чыкты. Аларга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдойбуз деген топ жакындап келди. Топтолгондор алгач айтышып, андан соң урушуп кетишти.

8 октября 2020
УКМК ким тарапта. Өмүрбек Субаналиевдин позициясы
УКМК ким тарапта. Өмүрбек Субаналиевдин позициясы

Буга чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Субаналиев учурда саясаттан сырткары экенин билдирип, саясий жарышка катышпай турганын белгиледи.

8 октября 2020
Оштун борбордук аянтына боз үйлөр тигилип, эл чогулууда. Сүрөт
Оштун борбордук аянтына боз үйлөр тигилип, эл чогулууда. Сүрөт

Анын айтымында, ал жерге түнү менен боз үйлөрдү алып келишип, азыркы тапта бешөөнү тигип бүтүштү. Боз үйлөрдүн артына тамактанууга ылайыкташтырып столдор коюлган.

8 октября 2020
Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтты
Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматына кайтты

Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыккандан кийин, 6-октябрда Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бирок ага шаардык кеңештин депутаттары кол кое элек болчу.

8 октября 2020
Кыргызстанда премьер-министр кантип дайындалат? Процедурасы
Кыргызстанда премьер-министр кантип дайындалат? Процедурасы

Кыргызстанда премьер-министрдин укугу кеңири, мындан улам аны дайындоо процедурасы кынтыксыз эрежелердин негизинде ишке ашуусу кажет. Редакция "Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу" мыйзамын карап, так болуш үчүн жайында өкмөттү жетектей баштап, 6-октябрда отставкага кеткен Кубатбек Бороновду дайындоо процедурасын мисал келтирди.

8 октября 2020
Депутаттар Жээнбековдун импичменти боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Видео
Депутаттар Жээнбековдун импичменти боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Видео

Жогорку Кеңеш депутаттарынын өлкөдөгү абал жана президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо мүмкүндүгү талкууланган жолугушуусу үзгүлтүккө учурады.

8 октября 2020
Качып кеткен Жунушалиев, башчысыз калган милиция. Курсан Асановдун видео маеги
Качып кеткен Жунушалиев, башчысыз калган милиция. Курсан Асановдун видео маеги

Ошондой эле Асанов мурдагы ишмердүүлүгү, Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы негизги "катасы" тууралуу ачык айтты.

8 октября 2020
Аянттагы митингчилер Бабанов баштаган саясатчыларга сөз бербей коюшту
Аянттагы митингчилер Бабанов баштаган саясатчыларга сөз бербей коюшту

Митингде микрофон, сөз талашып улам ызы-чуу чыгууда. Жаштар саясатта көп убакыттан бери жүргөн адамдарды трибунага жакын жолотушкан жок.

7 октября 2020
Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун
Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

7 октября 2020
Путин: Кыргызстандагы конфликтинин бардык тараптары менен байланыштамын
Путин: Кыргызстандагы конфликтинин бардык тараптары менен байланыштамын

Путин шайлоодон кийинки кырдаал аны тынчсыздантып жатканын жана конфликт тынчтык жолу менен чечилерине үмүт артып жатканын белгилеген.

7 октября 2020
Сооронбай Жээнбеков учурда кайсы жакта экени айтылды
Сооронбай Жээнбеков учурда кайсы жакта экени айтылды

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкек шаарында. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

7 октября 2020
Жээнбековго импичмент! "Ала-Тоо" аянтында жаштар митинг өткөрүп жатышат. Сүрөт
Жээнбековго импичмент! "Ала-Тоо" аянтында жаштар митинг өткөрүп жатышат. Сүрөт

Алар президентке импичмент жарыялап, бийликке жаштардын келишин талап кылышууда. Сөзгө чыккандар 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу ийгилиги жаштарга таандык экенин белгилешти.

7 октября 2020
"Чоң казаттын" мүчөлөрү эмнеге министр болуп алышты? Мамыткановдун жообу
"Чоң казаттын" мүчөлөрү эмнеге министр болуп алышты? Мамыткановдун жообу

Белгилей кетсек, "Чоң казат" партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев башкы прокурордун милдетин аткарып жатса, Жаркынбек Касымбеков саламаттык сактоо министринин ордун ээлеп алган.

7 октября 2020
Жапаровдун премьерлигин тааныбайбыз! Дагы бир Координациялык кеңештин билдирүүсү
Жапаровдун премьерлигин тааныбайбыз! Дагы бир Координациялык кеңештин билдирүүсү

Садыр Жапаровдун премьер-министр болушун тааныбайбыз. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн дагы бир Координациялык кеңештин мүчөлөрү маалымат жыйын учурунда билдиришти.

7 октября 2020
Мэрликти талашкандар жана мародерлор. Өткөн түндөгү 6 окуя
Мэрликти талашкандар жана мародерлор. Өткөн түндөгү 6 окуя

1. Саат 20.00гө жакын Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду жаңы премьер-министр кылып дайындашты. Ал юридикалык жактан өкмөт башына келе алар-албасын азырынча так айта албайбыз. Баса, мурдагы премьер Кубатбек Боронов ушул эле кечте отставкага кетти.

7 октября 2020
Бишкекте Садыр Жапаровдун премьер болушуна каршылар митингге чыкты. Сүрөттөр
Бишкекте Садыр Жапаровдун премьер болушуна каршылар митингге чыкты. Сүрөттөр

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты. 

7 октября 2020
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына ондой гана депутат келди
Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына ондой гана депутат келди

Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынына кворум жок болуп жаткандыктан, ал болбой калышы ыктымал. Бул тууралуу парламенттин маалымат катчысы Ибраим Нуракун уулу кабарлады.

6 октября 2020
Атамбаев ден соолугуна байланыштуу "Форумга" келген жок
Атамбаев ден соолугуна байланыштуу "Форумга" келген жок

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу "Форум" имаратынын алдына чогулган элге чыккан жок. Бул тууралуу анын тарапташы, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков журналисттерге билдирди.

6 октября 2020
Сапар Исаков: абактан жети күнгө эле чыктым
Сапар Исаков: абактан жети күнгө эле чыктым

"Сот тийиштүү чечим чыгаргандан кийин гана мыйзамдуу деп эсептелет. Мен азыр соттун ордуна жооп бере албайм да. Жеке пикиримде, коомчулуктун ишенимине кирген соттор дайындалып ошолор ишти карашы керек. Бул өтө маанилүү. Мен үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү", — деди Исаков.

6 октября 2020
Координациялык кеңеш кандай функцияны аткарат
Координациялык кеңеш кандай функцияны аткарат

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Координациялык кеңештин негизги максаты — учурдагы абалды жөнгө салуу. Бул туурасында аталган кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров билдирди.

6 октября 2020