Жанылыктар

Кишилерди кууп барып бус менен тебелетип... Кызыл-Кыядагы окуянын видеосу

Интернет айдыңында кичи автобустун караңгыда аянтчада айланып, элди тебелетип жаткан видеосу тарап, ал "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

1 октября 2020
Кыргызстанда окуучулар кайсы айда мектепке барары айтылды

2020-жылдын 6-октябрынан тарта 1-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт. Мындай чечим Республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

1 октября 2020
Башкы прокуратура Атамбаевдин уулунун билдирүүсүнө жооп берди
Башкы прокуратура Атамбаевдин уулунун билдирүүсүнө жооп берди

Буга чейин Кадыр Атамбаев интернетке видео жүктөгөн. Анда Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча ишти Башкы прокуратуранын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Арстанбек Боромбаев көзөмөлдөгөн, ал президент Сооронбай Жээнбековдун эжесинин уулу деген маалыматты айткан.

30 сентября 2020
УКМК аткаминерди пара менен кармап, кабинетинен 1,3 млн. сом тапты. Сүрөт
УКМК аткаминерди пара менен кармап, кабинетинен 1,3 млн. сом тапты. Сүрөт

Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

30 сентября 2020
Ооруканада 819 бейтап жатат. Коронавирус боюнча Кыргызстандагы соңку кырдаал
Ооруканада 819 бейтап жатат. Коронавирус боюнча Кыргызстандагы соңку кырдаал

Кыргызстанда бир сутканын ичинде 118 адам коронавирустан айыгып чыкса, ошол эле учурда 147 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

30 сентября 2020
437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби
437 миңден ашык кыргызстандык добуш берүү укугунан ажырады. Себеби

КМШ байкоочулар миссиясы ошондой эле шайлоо дареги боюнча (форма № 2) добуш берүүнү чечкен жарандардын саны көп экенин белгилейт. Мындай укуктан пайдаланган шайлоочулардын саны 488 124тү түзөт.

30 сентября 2020
COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү
COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү

Коомдук жайларда, транспортто, коомдук тамактануу түйүндөрүндө, соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде айтылды.

29 сентября 2020
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп кетип, өзү кошо көз жумду
Анжиянда кыргызстандык айдоочу эки кызды коюп кетип, өзү кошо көз жумду

Булакбашы — Анжиян трассасында Volvo жүк ташуучу унаасынын кыргызстандык айдоочусу жолдо бараткан эки кызды коюп кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

29 сентября 2020
Түркия: мейманканада кармалган сойкулардын экөө кыргызстандык болуп чыкты. Видео
Түркия: мейманканада кармалган сойкулардын экөө кыргызстандык болуп чыкты. Видео

Түркия полициясы мейманканалардын биринен акчага интимдик кызмат көрсөткөн кыздар жашынып жаткан "жашыруун бөлмөнү" таап алды. Жергиликтүү ЖМКлардын билдиргенине караганда, ал жакта кыргызстандык кыздар дагы болгон.

29 сентября 2020
Жуктургандар азайчудай эмес. COVID боюнча соңку статистика
Жуктургандар азайчудай эмес. COVID боюнча соңку статистика

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 142 бейтап айыкса, 167 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

29 сентября 2020
Канча партия жеңишке жетет? Шайлоого жооптуу вице-премьердин божомолу
Канча партия жеңишке жетет? Шайлоого жооптуу вице-премьердин божомолу

Жогорку Кеңешке беш-алты партия өтүшү мүмкүн, мындай божомолун вице-премьер, Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров журналисттер менен жолукканда билдирди.

29 сентября 2020
Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме
Кайсы облуста шайлоочулардын саны көп? Тизме

Кыргызстандын аймактарынын ичинен Ош облусунда шайлоочулардын саны көп. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында маалымдалат.

29 сентября 2020
Өкмөт ар бир облуска убадалаган компьютердик томографияны сатып ала элек
Өкмөт ар бир облуска убадалаган компьютердик томографияны сатып ала элек

Өлкөнүн жети облусуна компьютердик томография аппаратын сатып алуу процесси соңуна чыга элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

28 сентября 2020
Кызы менен чогуу бычакталган киши реанимациядан палатага которулду
Кызы менен чогуу бычакталган киши реанимациядан палатага которулду

"Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бычак тийген кан тамырлары тигилди. Дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.

28 сентября 2020
Министрлик базарды хлордогондон кийин вирус күчөөдө дегендерге жооп кайтарды
Министрлик базарды хлордогондон кийин вирус күчөөдө дегендерге жооп кайтарды

Хлор затынан уулануудан улам пневмонияга кабылган учурлар жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

28 сентября 2020
COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат
COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

Кыргызстанда коронавирустан улам 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

28 сентября 2020
Баткенге кайрадан чектөө киргизилип, коомдук транспорт токтоду. Тизме
Баткенге кайрадан чектөө киргизилип, коомдук транспорт токтоду. Тизме

Баткен облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыктан облустук штабдын чечими менен дагы бир нече чектөөлөр кабыл алынды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

28 сентября 2020
Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду
Соңку суткада коронавирустан Ош облусунда бир адам көз жумду

Муну менен коронавирустан көз жумгандардын саны 1064 адамга жетти. Ал эми ооруну жуктуруп алгандардын саны 46 355 киши болду.

28 сентября 2020
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп
5-октябрдан тарта башталгыч класстар мектепке барып окуйбу? Расмий жооп

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы бул буйрукту министрлик чыгарбаганын айтып, документ реалдуу окууга даярдык боюнча гана район деңгээлинде жасалганын билдирди.

28 сентября 2020
Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды
Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, көпүрөнүн урашынан жаракат алган мекендештерге жардам көрсөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

28 сентября 2020
Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти
Россияда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти

Москва облусунда көпүрө кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 51ге жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен маалымдашты.

27 сентября 2020
Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот? Кеңеш
Ипотека алгыңыз келбесе, Бишкектен кантип батир сатып алууга болот? Кеңеш

Батир сатып алууга тыйыны жетпеген сатып алуучунун баянын курулуш компаниясынын коммерциялык директору Бектур Садыров айтып берди. Ипотекага ашыкча каражат төлөгүсү жок, бирок дароо акчасын чыгарып турак жайды сатып алууга чама-чаркы чак келбейт...

27 сентября 2020
"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү
"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

"Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

27 сентября 2020
Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти
Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти

Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө ууруга киргендер кызды өлтүрүп кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

27 сентября 2020
COVID жуктургандар көбөйө баштагандыктан Боронов шашылыш жыйын өткөрдү
COVID жуктургандар көбөйө баштагандыктан Боронов шашылыш жыйын өткөрдү

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын чукул жыйынын өткөрүп, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчуп бара жатканына тынчсызданды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

25 сентября 2020
КРде пневмония кайрадан баш көтөрүүдө. Акыркы суткадагы сандар
КРде пневмония кайрадан баш көтөрүүдө. Акыркы суткадагы сандар

Соңку суткада өлкө боюнча COVID-19 инфекциясын 175 киши жуктурган. Анын 99 учуру клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган. Башкача айтканда, пневмония деп саналат. Калган 76 адамдын анализи лабораториялык жактан тастыкталган.

25 сентября 2020
Ишкерди карактады деген шектүүнү спецназ кафеден кармады. Бишкектеги видео
Ишкерди карактады деген шектүүнү спецназ кафеден кармады. Бишкектеги видео

Бишкектеги кафелердин биринен ыкчам аракеттеги жоокерлер менен милиционерлер ишкерди ээн жакка алып барып тоноп кеткен деп шектелген адамды кармады.

25 сентября 2020
Ооругандар улам көбөйүп жатат. Бир суткада 175 кишиден коронавирус табылды
Ооругандар улам көбөйүп жатат. Бир суткада 175 кишиден коронавирус табылды

Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 142 бейтап айыкса, ооруну жуктуруп алган 175 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

25 сентября 2020
Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда
Бишкек мэриясы: эки гипермаркет шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда

Борбор калаадагы “Глобус” жана “Фрунзе” гипермаркеттери шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

25 сентября 2020
Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар
Жаңжал, жаза, акыркы тизме. Шайлоонун кызыган учурундагы окуялар

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы жана башкы прокурор менен ички иштер министринин орун басарлары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоону уюштуруу жана даярдыктары тууралуу маалымат беришти.

24 сентября 2020
Аравандагы мушташ: БШК эки партиянын талапкерлерин жарыштан четтетти
Аравандагы мушташ: БШК эки партиянын талапкерлерин жарыштан четтетти

Тагыраак айтканда, "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Илхам Маннанов менен "Биримдик" партиясынан талапкер Шүкүрулло Файзуллаев шайлоого катышуу укугунан ажыратылды.

24 сентября 2020
Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду
Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

Бишкекте унаасынын багажынан балдар коляскасын алып жаткан кишини унаа коюп кетти. Ал ошол жерден көз жумган. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

24 сентября 2020
Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар
Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар

ЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлдөрү айып пул төлөбөгөн айдоочуну тез эле аныктап кое алышат. Азыр алар "Коопсуз шаар" долбоору туташтырылган электрондук планшеттер менен иштейт. Рейд учурунда, мындай күндөрү деле автоунаанын артынан кетип бара жатып анын номерин терип айып пулунун мөөнөтү өткөн-өтпөгөнүн планшеттин жардамы менен текшерип коюшат.

24 сентября 2020
Ош: бала аман-эсен табылды. Бөбөктү каналга түшүп кетти дешкен
Ош: бала аман-эсен табылды. Бөбөктү каналга түшүп кетти дешкен

Ош облусунун Кара-Суу районунда сууга түшүп кетти деген төрт жаштагы бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

23 сентября 2020