Башка чаап, жукулдатып... Адахан Мадумаров ур-токмокко алынган видео

6 октября 2020 Башка чаап, жукулдатып... Адахан Мадумаров ур-токмокко алынган видео

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Ак үйдүн жанында сабалгандыгын Facebook баракчасына адвокат Бактыбек Жумашев билдирди.

"Жаңы эле Ак үйдүн жанында Адахан Мадумаров сабалды. Аны Каркыра жайлоосунун сатылышы боюнча айыпташты", — деп жазды Жумашев.

Видео

 

Андан сырткары мурдагы вице-премьер жана Мамлекеттик каттоо кызматынын экс-жетекчиси Тайырбек Сарпашев да сабалгандыгы айтылды. Редакция бул маалыматты тактап жатат. 

Эске салсак, 2008-жылы Жогорку Кеңеш Казакстан менен Каркыра жайлоосунун бөлүгү тууралуу макулдашууну ратификациялаган. Ошол кездеги парламенттин спикери Мадумаров болчу.

Буга чейин "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. Кийин Ак үйдү алган соң, митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен.

sputnik