5 октября 2020
Ушу тапта шайлоо бюллетендеринин 63 пайызы колго саналып бүтүп, натыйжада буга чейинки алдыңкы үч партиянын катарын "Мекенчил" менен "Республика" толуктоодо.
Акыркы маалымат төмөнкүчө:
- "Биримдик" — 19,05 пайыз;
- "Мекеним Кыргызстан" — 24,48 пайыз;
- "Кыргызстан" — 9,34 пайыз;
- "Мекенчил" — 7,76 пайыз
- "Республика" — 7,07 пайыз;
- "Бүтүн Кыргызстан" — 6,15 пайыз;
- "Ата Мекен" — 4,52 пайыз;
- "Ыйман нуру" — 4,12 пайыз;
- "Бир Бол" — 3,04 пайыз;
- "Чоң Казат" — 3,28 пайыз;
- "Замандаш" — 2,79 пайыз
- "Социал-демократтар" — 2,25 пайыз;
- "Реформа" — 1,36 пайыз;
- "Мекен ынтымагы" — 0,91 пайыз;
- "Ордо" — 0,22 пайыз;
- "Афган согушунун ардагерлери" — 0,15 пайыз;
- Баарына каршы — 1,89 пайыз.
Эскерте кетсек, буга чейин автоматтык түрдө эсептөө системасынын санаганы менен төрт партия ("Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан", "Бүтүн Кыргызстан") 7 пайыздык босогодон өткөн.