Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

5 октября 2020 Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

Баткендин Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасында турак үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кечээ, 4-октябрда, саат кечки 17:00дө Масаев көчөсүнүн №7 дарегинде жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 77 жаштагы киши каза тапкан, денесинин 80 пайызы күйүк алган. Ошондой эле турак үйдүн 1,5 чарчы метр полу күйгөн.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

sputnik