Шайлоодо жеңилген 5 партиянын лидерлери биригип жатканын айтышты. Видео

5 октября 2020 Шайлоодо жеңилген 5 партиянын лидерлери биригип жатканын айтышты. Видео

Парламенттик шайлоого катышып, бирок жеңишке жетише албай калган беш тартия биригип жатканын жар салды.

"Мекен Ынтымагы", "Чоң Казат", "Ордо", "Ыйман нуру" жана "Реформа" партияларынын лидерлери бир муштумга бириге турганын айтып жаткан видеону "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Видео

 

Алар шайлоону мыйзам бузуулар менен өттү деп, жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда.

Эске салсак, 4-октябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 партия катышкан. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары Жогорку Кеңешке өттү. Болжолдуу жыйынтыктар боюнча, алдыңкы эки партия 120 мандаттын 91ине ээ болгону турат.

sputnik