Добуш сатып алгандар жазаланат! Жээнбеков элге, талапкерлерге кайрылды

2 октября 2020 Добуш сатып алгандар жазаланат! Жээнбеков элге, талапкерлерге кайрылды

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоонун алдында кыргызстандыктарга жана талапкерлеге кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы бул шайлоо элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган шайлоо болуусу зарыл экендигин айтып, ага жетүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилеген. Ошондой эле талапкерлерди жана партия лидерлерин чектен чыкпоого үндөп кеткен.

"Добуш сатып алуу мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. "Жыгылган күрөшкө тойбойт" дегендей, жеке амбицияга алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз. Элдин биримдигине, улуттун ынтымагына, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтиргендерге мыйзам алкагында чечкиндүү чаралар көрүлөрүн унутпагыла", — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Жээнбеков шайлоо күнү кыргызстандыктарды эч ким кысымга албай турганын айтып, туура тандоого чакырган.

"Шайлоо күнү өлкө эл аралык коомчулуктун көңүл чордонунда болот. Кимге добуш берет ал ар кимдин жеке чечими, өз эрки. Эч ким кысым жасай албайт. Ар бир шайлоочунун добушу өлкөнүн тагдырын чечет. Мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык-маданий багытын аныктайт. Шайлоого катышып жаткан ар бир партиянын программасы, келечек максаттары белгилүү

болду. Ошондуктан 4-октябрь күнү ар бирибиз саясий тандообузду сөзсүз билдирели!", — деп жазылат өлкө башчынын кайрылуусунда.

Эске салсак, 4-октябрь күнү Кыргызстанда парлементтин депутаттарын шайлоо болот.

sputnik