Сапар Исаковдун үзөңгүлөштөрү менен эркиндикте жүргөн сүрөтү жарыяланды

6 октября 2020 Сапар Исаковдун үзөңгүлөштөрү менен эркиндикте жүргөн сүрөтү жарыяланды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун эркиндикке чыккан сүрөтүн анын үзөңгүлөшү Гүлнара Төралиева жарыялады.

Аны Молдовановкадагы колониядан Исаковду чыгарып Бишкекке алып келишкен. Сүрөттө мурдагы премьердин жанында Гүлнура Төралиева, Эсен Момункулов турган.

Исаков буга чейин Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп 15 жылга эркинен ажыратылган. Сот ал өкүмдөн тышкары мүлкүн конфискациялоо, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангынан, II даражадагы "Манас" орденинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, "Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен. Кийин Ак үйдү алган соң, митингчилер УКМКга барып, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди бошотуп кетишкен.

sputnik