Депутаттык мандат үчүн 16 саясий партия ат салышмакчы. Тизменин жарымынан көбүн мыйзам чыгаруу ишмердигинен арылгысы келбеген азыркы эл өкүлдөрү түзөт.
14 сентября 2020Талапкерлерге айрым учурда Жогорку Кеңештин мандаты берилбей калышы да ыктымал. Sputnik редакциясы "Президентти жана Жогорку кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзамдын негизинде мындай учурларга көз чаптырып көрдү.
14 сентября 2020Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкөдө эттин баасынын кымбаттап кеткен себебин айтып, учурда канчадан сатылып жатканын жарыялады.
14 сентября 2020Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
14 сентября 2020Ош шаарында автоунаанын терезесинен белине чейин чыгып, огу жок тапанчасын атып кыйкырган бала кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
14 сентября 2020Чүйдүн Аламүдүн районунда автоунаалардын кагышуусунан бир киши мүрт кетип, бешөө ооруканага жеткирилгенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
14 сентября 2020«Күйөөм менен үч жыл мурун ажырашып кеткем, ал мага алимент төлөйт. Ошондуктан кызым менен жолугушуп турууга укуктуу. Курман Айттын алдына күйөөмдүн иниси жана карындашы кызымды алып кетишкен. Кийинки күнү эле кайнатам чалып, кызым ооруп калганын айтты. Мен аны ооруканага алып бардым. Дарыгерлер операция жасашып, кызым зордукталганын айтышты», - деген
14 сентября 2020“Алдын ала маалымат боюнча, Азиз Орозбаев 4-сентябрда Москванын Красносельское айылынан укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бишкектин Ленин РИИБинин Криминалдык милиция кызматы Россияга издөөдө жүргөн жарандардын тийиштүү документтерин жиберди”, — деп айтылат.
11 сентября 2020Прокуратура органдары шайлоо процессинин бузулушу боюнча жарандардын сегиз кайрылуусун жана 30дан ашык маалыматты карап чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
11 сентября 2020"Бизде жактан 50 бейтаптын абалы оор болчу. Баары тең сакайып кетишти. Арасынан бирөөсү гана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Сыктывкардагы республикалык ооруканадагы тажрыйбанын бүтүмү оң натыйжа берген. Мындай аралашма менен камсыздаган аппараттарды жасоо иштери жүрүп жатат", — деди Черешнев.
11 сентября 2020Акыркы күндөрү эл көзүндөгү эле адамдардын уулдары аралашкан чуулуу окуялар коомчулуктун көңүлүн бурууда. Буга байланыштуу элге таанымал кишилердин балдары кандай окуяларга туш болгонуна көз чаптырдык.
11 сентября 2020Москвада ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз мекенинде башкалардын ири суммадагы акчасын алдап кеткендиги жана жалган ишкерлиги үчүн издөөдө жүргөн үч кыргызстандык кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
11 сентября 2020Ошондой эле ал COVID-19 атеросклерозду дагы козгоп жибериши мүмкүн деп эсептейт. Деген менен эксперт коронавирустун жүрөк-кан тамыр оорусу бар адамдарга тийгизген кесепети тууралуу бир жылдан кийин так баа берүүгө болорун айткан.
11 сентября 2020Талдай келгенде, эң эле “бай” делип “Биримдик” партиясы табылды, анын шайлоо фондунда 97,4 миллион сому бар. Ал эми эң аз сумма “Ордо” партиясынын эсебинде турат, аларга 5,9 миллион сом чогулган.
11 сентября 2020"Жерине ӨКМдин алты куткаруучусу тартылган. Бирок алар жеткенге чейин эле Тез жардамдын кызматкерлери жабыркагандарды Баткен облустук ооруканасына алып кетишкен. Кырсыктан 53 жана 46 жаштагы эки адам көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
11 сентября 2020Июль айынын аягында мамлекеттик карыздын жалпы суммасы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү. Анын көлөмү соңку айларда тездик менен өсүп жатат, май айынын аягында биринчи ирет 4,7 миллиардды чапчыган. Андан кийин июль айында дагы өсүп 4,8 миллиард долларга жетти.
11 сентября 2020Бишкектин чок ортосунда төрт автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталды, арасында инкассатордун машинасы да бар. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан кабарлашты.
10 сентября 2020Ага ылайык, 8-сентябрь күнү саат 21:10 чамасында айылдагы каналга Nissan Cefiro үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кеткен. Анын ичинде 31 жаштагы эркек жана 36 жаштагы аял болгон.
10 сентября 2020Милицияга буга чейин бир нече курулуш компаниялары кайрылып, Данияр Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ири суммадагы каражат алып кеткенин айтышкан.
10 сентября 2020Борбордук шайлоо комиссиясында партиялардын бюллетендеги номерин бекитүү үчүн чүчү кулак кармашты.
10 сентября 2020Партиянын даттануусу 7-сентябрда Бишкек шаардык административдик сотунда каралып, тараптар "Бүтүн Кыргызстанды" жарыштан четтетүүгө "макул" жана "каршы" добуш берген БШКнын мүчөлөрүн күбө катары чакырууну суранышкан. Буга байланыштуу сот отуруму бүгүнкүгө жылдырылган болчу.
10 сентября 2020Автону үчүнчү өлкөлөрдө сатып алгандан кийин топтун мүчөлөрү интернет аркылуу унаанын идентификациялык номерлерин ЕАЭБ мамлекеттеринде жүргөн шериктерине жөнөтүп турушкан. Алар өз кезегинде транспорт каражатын каттоо тууралуу жасалма күбөлүк даярдашкан.
10 сентября 2020"Республика" саясий партиясынан тизмеге 166 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.
10 сентября 2020"Мекенчил" партиясынын тизмесине 136 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.
10 сентября 2020"Бир Бол" партиясынан тизмеге 108 талапкер кирген. Алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз. Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды.
9 сентября 2020Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери аталган инфекциядан 16 кош бойлуу аял көз жумган. Бул тууралуу Республикалык штаб профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеровдун айтымына таянып кабарлады.
9 сентября 2020"Мекен ынтымагы" саясий партиясынан тизмеге 149 талапкер кирген. Алардын ичинен 65 талапкердин аты-жөнүн, туулган жылын жана учурда иштеп жаткан кызматын сунуштайбыз.
9 сентября 2020Окуя түндө, саат 23:58де 7-апрель көчөсүндө болгон. Кайгуул милициясынын билдиргенине караганда, 33 жаштагы айдоочу автоунаасын башкара албай калып, бакты сүзгөн.
9 сентября 2020Ушул жылдын 20-сентябрынан тарта Кыргызстан Өзбекстан менен туруктуу авиакаттамын жандантары тууралуу маалымат Жарандык авиация агенттигинин сайтына жарыяланды.
9 сентября 2020Эмдөө каражаттарын сатып алууга 221,5 млн сом коротулганы маалым болду. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу катмары жана дарыгерлер эмделери айтылды.
9 сентября 2020Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аралыктан окута албаган мугалим окуучуларды үйүнө чакырып сабак өтүп жатат деген жазуу менен сүрөт тараган.
9 сентября 2020Аталган кырсыктын видеосу Кароче телеграмм каналына жайгаштырылды. Андан видеодон маршрттук такси жана эки жеңил унаа киши өткөрүү үчүн жол чийинден токтогонун көрүүгө болот.
8 сентября 2020Кырсык 7-сентябрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында катталган. Volkswagen Polo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза болгон.
8 сентября 2020ДССУнун башкы директору бүгүнкү күндө коронавирус боюнча жакшы динамиканы пневмония, кызамык, полиемиелит, Эбола, сасык тумоо жана башка оорулардан кийин даярдык иштерин жакшылап көргөн мамлекеттер көрсөтүп жатканына токтолгон.
8 сентября 2020