9 сентября 2020
Ушул жылдын 20-сентябрынан тарта Кыргызстан Өзбекстан менен туруктуу авиакаттамын жандантары тууралуу маалымат Жарандык авиация агенттигинин сайтына жарыяланды.
Ташкент — Бишкек — Ташкент рейси "Узбекистон хаво йуллари" компаниясы тарабынан жумасына бир жолу, дүйшөмбү күнү аткарылып турат.
Мындан тышкары, агенттик 10-сентябрдан тарта Кувейт бийлиги Кыргызстанга авиакаттамын жанданта турганын кабарлады. Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкек — Эль-Кувейт багыты боюнча ар аптанын бейшембисинде каттап турмакчы.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Түркия жана БАЭ менен туруктуу авиакаттамын калыбына келтирген болчу. Бул пандемиядан кийин аба байланышы ачылган алгачкы өлкөлөр болду.