Дарыгер: КРде оору катталгандан бери коронавирустан 16 кош бойлуу аял көз жумду

9 сентября 2020 Дарыгер: КРде оору катталгандан бери коронавирустан 16 кош бойлуу аял көз жумду

Кыргызстанда коронавирус катталгандан бери аталган инфекциядан 16 кош бойлуу аял көз жумган. Бул тууралуу Республикалык штаб профессор, акушер-гинеколог Арсен Аскеровдун айтымына таянып кабарлады.

Аскеров белгилегендей, өлкөдө коронавирус жалпы 536 кош бойлуу келинден табылган.

"Илдетти илештирип алган кош бойлуулардын арасынан жеңил даражадагы оорулуулар үй шартында, орточо жана оор абалдагы бейтаптар №2 төрөт үйүндө дарыланып жатышкан. Вирустун катталуусу азайгандыгына байланыштуу жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулушкан. Учурда кош бойлуу аялдарды диагностикалоо жана дарылоо көрсөтмөлөрү өзгөртүлдү", —  деди дарыгер.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 44 613кө чыкса, анын 40 336сы айыгып чыкты. Бүгүн Таласта бир адам каза таап, көз жумгандардын жалпы саны 1 063 болду.

sputnik