Россиялык окумуштуулар COVID-19 илдетин ИВЛсиз эле дарылоонун жолун тапты

11 сентября 2020 Россиялык окумуштуулар COVID-19 илдетин ИВЛсиз эле дарылоонун жолун тапты

Гелий-кычкылтек аралашмасы менен дем алгандан кийин коронавируска чалдыккан 50 кишинин ичинен бирөө гана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып, калганы аталган ыкманын аркасында тез сакайып кеткен. Бул тууралуу Россиялык иммунологдордун илимий коомунун президенти Валерий Черешнев билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Система Комидеги республикалык оорукананын базасында сыноодон өткөрүлгөн.

"Бизде жактан 50 бейтаптын абалы оор болчу. Баары тең сакайып кетишти. Арасынан бирөөсү гана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды. Сыктывкардагы республикалык ооруканадагы тажрыйбанын бүтүмү оң натыйжа берген. Мындай аралашма менен камсыздаган аппараттарды жасоо иштери жүрүп жатат", — деди Черешнев.

Ал өпкөнү жасалма дем алдыруу организм үчүн оор болорун белгилеген. COVID-19дан жайылган пневмониянын тушунда адамдын дем алуусу кескин төмөндөгөн учурда 90-95 градуска чейин ысытылган гелий-кычкылтек аралашмасы жасалма дем алдыруудан кыйла ашып түшөт.

Анын айтымында, микробиологдор алгач мындай дем алуу үчүн колдонулган аппараттарды өркүндөтүп, дем алган жана дем чыгарган абанын өзүнчө системасын жасоону чечишкен.

sputnik