Атасын жер каратып... Чиновник, саясатчылардын кылмышка аралашкан балдары

11 сентября 2020 Атасын жер каратып... Чиновник, саясатчылардын кылмышка аралашкан балдары

Акыркы күндөрү эл көзүндөгү эле адамдардын уулдары аралашкан чуулуу окуялар коомчулуктун көңүлүн бурууда. Буга байланыштуу элге таанымал кишилердин балдары кандай окуяларга туш болгонуна көз чаптырдык.

Жакында эле Болгарияда алдамчылыкка шектелип жүргөн Данияр Ибраев аттуу кыргыз жаранын экстрадициялоо процесси башталды. Милицияга бир нече курулуш компаниясы кайрылып, Ибраев курулуш арматураларын ташуу шылтоосу менен ири суммадагы каражат алып кеткенин айтышкан. Анын жети адамдан ири суммадагы акчаны алдап алганы аныкталган. Бишкек ШИИБ материалдык чыгымдын жалпы суммасы 507 352 049 сомду түзөрүн билдирген.

Интернет колдонуучулар Данияр Ибраев  Жогорку Кеңештин депутаты, парламент аппаратынын экс-жетекчиси Саматбек Ибраевдин уулу экендигин жазууда.

Кечээ, 10-сентябрда, милиция шаардын четиндеги автоунаа токтотуучу жайдан каракчылыкка шектелген кишини кармаган. Айрым ЖМКлар укук коргоо органдарына таянуу менен ал Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Шухрат Сабировдун уулу экендигин билдиришти.

Акаевдер

Он беш жыл мурда Жогорку Кеңеште чуу чыккан. "Алга, Кыргызстан!" партиясына Аскар Акаевдин уул-кызы Бермет менен Айдар кошулуп, ар кайсы округдан парламентке өтүшкөн. Айдар депутат болгондон кийин ЖКга бир гана жолу — эл өкүлү деген күбөлүктү аларда келген.

2005-жылдагы шайлоо дагы революциянын себептеринин бири катары эсептелип, Айдар жана Бермет Акаевдер мандатынан ажыраган. Мурунку президент үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Айдар Акаевге төрт кылмыш иши козголуп, келтирген зыяны 3 миллион долларга бааланган. Анын күнөөсү дагы 11 иш боюнча аныкталган. Башкы прокуратура үй-бүлө мүчөлөрүнүн кээ бирлерин камакка алуу чечимин чыгарса, Айдар Акаевге жана эжеси Берметтин мурдагы жолдошу Адил Тойгонбаевге, ошондой эле башка туугандарына эл аралык издөө жарыялаган. Бирок Айдар Акаев быйыл 5-февраль күнү Москва шаарында 44 жашында каза тапты.

Бермет Акаева 2007-жылы кайрадан депутат болууга аракет кылган, бирок элдин нааразычылыгынан улам сот оң чечим чыгарган эмес. Ортодо ага дагы кылмыш иши козголуп, бирок кийин тастыкталган эмес. Учурда Акаева чет мамлекетте турат, былтыр Кыргызстанга келип кеткен.

Бакиевдер

Качкын президент Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат УКМК төрагасынын орун басары болуп иштеген. Кийин ал сыртынан 27 жылга эркинен ажыратылган. Учурда үй-бүлөсү менен Беларуста жашайт.

Экинчи баласы Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти (ЦАРИИ) жетектеген. Ал дагы сыртынан ар кыл иштер боюнча бир нече жылга, анын ичинде өмүр бою да эркинен ажыратылган. Далилденген айыптардын арасында келишимге кол коюуга мажбурлоо, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу, опузалоо жана каражат чыгарып кетүү да бар.

2012-жылы Максим Бакиевди АКШ "баалуу кагаздар менен алдамчылык кылган" деп айыптап, Лондондо кармашкан. Бакиев биринчи сот отурумуна чейин күрөө менен бошотулган. Учурда ал дагы деле эркиндикте жүрөт.

Башкы прокуратура Бакиевдерди өлкөгө кайтаруу боюнча иш алып барып жаткандыгын бир нече жолу билдиргени бар.

Муралиев

Мурдагы премьер-министр, "легендарлуу" парламенттин депутаты Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевди 2014-жылы УКМК кармаган. Ал ошондо өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүн жетектеген турган. Муралиевдин уулун коопсуздук кызматы "Чет өлкөлүк уюмдарга кызматтык жашыруун сыр жеткирүү максатында маалымат жыйноо же чогултуу" беренеси боюнча айыптаган. Тагыраагы, ал "жашыруун" мөөр белгиси коюлган документтердин көчүрмөлөрүн чет өлкөлүк жарандарга берип жүргөн.

Муралиев 2016-жылы мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн 12 жылга эркинен ажыратылып, мүлкү камакка алынган.

Депутаттын баласы контрабандага аралашып...

2012-жылы кыргызстандыктар УКМКнын ошол кездеги башчысы Шамил Атахановдун билдирүүсүн катуу талкуулашкан. Ал Акылбек Маматов (парламент депутаты Абдимуктар Маматовдун уулу) күйүүчү-майлоочу майды аткезчилик менен ташып жүргөнүн айткан. Атахановдун билдиришинче, бажы төлөмдөрү убагында берилбегендиктен, мамлекетке 22 миллион сомдон ашык зыян келген. Бирок Маматов "күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын ордун толтурган".

ЖК депутаты Абдимуктар Маматов

Аткаминердин алдамчылыкка шектелген уулу

Мындан төрт жыл мурда Финпол тарабынан Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубековдун баласы Тимур Тойчубеков кармалган. Ал россиялык банктардын биринен ири суммада мыйзамсыз акча алган деп шектелген.

Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы Юруслан Тойчубеков

Финполдун маалыматы боюнча, ал өзүнүн фирмасынын жетекчиси катары башка компания менен биргеликте банктан 12 пайыздык үстөк менен 500 миң доллар насыя алууда ачык акционердик коомдун жер тилкесин жана акцияларын күрөөгө койгон. Андан кийин эки фирманын жетекчилери акчаны алары менен кредит боюнча келишим мыйзамсыз деген Бишкек райондор аралык соттун чечимин жасалмалап, күрөөгө коюлган мүлктү үчүнчү жакка сатып жиберген. ЖМКлардын жазышынча, райондук сот Тойчубековду кылмышка катышкандыгы боюнча далилдердин жоктугуна байланыштуу актаган.

2015-жылы Тимур Тойчубековдун атасы Юруслан Тойчубеков "Элдик лотереяга" байланышкан чырдан улам Мамлекеттик каржы рыногун башкаруу жана көзөмөлдөө кызматынын жетекчилигинен бошотулган. Тойчубековдун жактоочусу ал чет жакка дарыланганы кеткенден кийин кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып келет.

Депутаттын уулу жемкорлуктан улам кесилген

2012-жылы парламент депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу Элдар алдамчылыкка жана коррупцияга шектелип кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Бишкектин чок ортосундагы имаратты рейдерлик жол менен басып алууга аралашкан.

Бир жылдан кийин райондук сот Элдар Мадылбековду тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ал документтерди жасалмалоо жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган. Шаардык сот Элдар Мадылбековду үч эпизоддо, анын ичинде жасалма документтер боюнча жоопкерчиликтен бошотуп, жаза мөөнөтүн кыскарткан. 2014-жылы сот аны шарттуу түрдө бошотуу чечимин чыгарган. Ошол учурда атасы Мадылбеков уулун толугу менен актоого аракет кыларын айткан болчу.

sputnik