Унаадан белине чейин чыгып алып, тапанча аткан бала кармалды. Оштогу видео

14 сентября 2020 Унаадан белине чейин чыгып алып, тапанча аткан бала кармалды. Оштогу видео

Ош шаарында автоунаанын терезесинен белине чейин чыгып, огу жок тапанчасын атып кыйкырган бала кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Видео

Белгилей кетсек, кечээ окуянын видеосун социалдык тармактарга колдонуучу Болот Ибрагимов тараткан.

Ош ШИИБ тасма тарагандан кийин аны иликтеп, 18 жаштагы баланы кармаган. Окуя 12-сентябрь күнү жаш балдар Ноокат районуна тойго бара жатканда болгону аныкталды. Алардын кылыгы Оштогу Жапалак айылында видеотасмага түшүп калган.

Ошондой эле тапанча пневматикалык экендиги такталып, милиция тарабынан алынган.

Учурда баланын иш-аракетине Ош ШИИБдин тергөө кызматы юридикалык баа берүү боюнча иштеп жатат.

sputnik