Түндө Бишкекте BMW бакты сүзүп, айдоочу ошол жерден жан берди

9 сентября 2020 Түндө Бишкекте BMW бакты сүзүп, айдоочу ошол жерден жан берди

Бишкек калаасында BMW автокөлүгү бакты сүзүп, айдоочу ошол жерден каза тапты. Бул туурасында Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Окуя түндө, саат 23:58де 7-апрель көчөсүндө болгон. Кайгуул милициясынын билдиргенине караганда, 33 жаштагы айдоочу автоунаасын башкара албай калып, бакты сүзгөн.

Айдоочунун жанындагы киши жаракат алып, ооруканага жактырылган.

Башкармалыктан кырсык боюнча тиешелүү экспертиза дайындалгандыгын билдиришти.

sputnik