14 сентября 2020
Чүйдүн Аламүдүн районунда автоунаалардын кагышуусунан бир киши мүрт кетип, бешөө ооруканага жеткирилгенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 13-сентябрь күнү саат 20:14тө Лебединовка айылынын Ленин жана Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Lexus RX300 жана Honda Accord үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.
ӨКМдин куткаруучулары тартылып көз жумган жана жабыркаган адамдарды машинадан чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.