Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

15 сентября 2020 Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

Бүгүн мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 15-сентябрда, Космосбек Чолпонбаев 320-берене ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча шектелип, кармалды. 

"Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишим түзгөндүгү аныкталды. Натыйжада мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын зыян келген", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, Чолпонбаев ушул жылдын 9-июлунда Финполго суракка чакырылган. Ал Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата "коррупция жана өзүнчө бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берери айтылган. Эртеси, 10-июлда, Чолпонбаевдин жүрөгү кармап, оор абалда ооруканага түшкөн.

Чолпонбаев 2018-жылы 20-апрелде саламаттык сактоо министри болуп дайындалган. Быйыл коронавирустун алдын алуу иштерин чабал аткарганы үчүн президент Сооронбай Жээнбековдон тил угуп, 1-апрелде кызматтан алынган.

sputnik