Кара-Кече кенинде топурак, ташы аралашып жер көчтү. Видео

14 сентября 2020 Кара-Кече кенинде топурак, ташы аралашып жер көчтү. Видео

Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде таш, топурак аралашкан жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Видео

Жер Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында көчкөн. Министрлик өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жол чарба башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаевдин айтымында, кырсыктан улам Кара-Кече көмүр кенине бара турчу жол жабылган. Ошондой эле электр зымдары зыянга учураган.

"Жер көчкү катталган маалда ал жерде Кара-Кечеден көмүр тартууга барган бир нече оор жүк ташуучу автоунаанын ээлери болгон. Бактыга жараша, алар жабыркаган эмес", — деди Токобаев.

Болжол менен 900 миң куб метрди түзгөн жер көчкү Кара-Кече сайын бөгөп калганы кошумчаланды.

sputnik