Инкассатор унаасы оодарылып калды. Бишкекте 4 авто кагышкан кырсыктын сүрөтү

10 сентября 2020 Инкассатор унаасы оодарылып калды. Бишкекте 4 авто кагышкан кырсыктын сүрөтү

Бишкектин чок ортосунда төрт автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталды, арасында инкассатордун машинасы да бар. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык кечээ саат 18:00дө баш калаанын Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя боюнча тартылган кадрлар "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Киев көчөсү менен келе жаткан "Газель" маркасындагы инкассатордук унаа Калык Акиев көчөсүнө жеткенде Honda Fit менен кагылышкан. Окуяда "Газель" каптал жагына оодарылып кетип, жол четине токтоп турган Mercedes Benz жана Toyota Ipsum унааларына тийген", — деп айтышты милициядан.

Кырсыктан инкассатордук унаанын айдоочусу жабыркаган. Алдын ала маалымат боюнча анын колу чыгып, ооруканага жаткырылган.

Төрт унаа тең айып аянтчасына киргизилип, экспертиза дайындалган.

sputnik