Курсан Асановдун ички иштер министринин кабинетин ээлеген сүрөтү тарады

6 октября 2020 Курсан Асановдун ички иштер министринин кабинетин ээлеген сүрөтү тарады

Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары Кашкар Жунушалиевдин кабинетин ээледи. Бул туурасында социалдык тармактарда сүрөт тарады.

Аталган кадрдан Асанов министрдин ордунда отуруп, анын ылдый жагында Жунушалиевдин орун басары Алмаз Орозалиев жайгашкан.

Ошондой эле социалдык тармакта Асанов ички иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалганы жазылууда.

Белгилей кетсек, түндө саат 02.00дөр чамасында митингчилер Ак үйдү басып алган.

sputnik