2 октября 2020
Бишкек шаарына качан жылуулук берилери Күз-кыш мезгилдерине даярдануу боюнча штабдын келерки жыйынында чечилет. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Маалыматка караганда, борбор калааны жылуулук менен камсыз кылган кызматтар толугу менен ишке даяр.
"Өзүңөр билгендей, Бишкекте беш күн катары менен абанын табы +8 градуска кармалып турган соң жылуулук берүү башталат. Аба ырайы 11-октябрга чейин 10-12 градус болору белгилүү. Андыктан чечим Күз-кыш мезгилдерине даярдануу боюнча штабдын келерки жыйынында кабыл алынат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мэрия көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарын жылытуу сезонуна даярдануу үчүн төмөндөгү кеңештерди аткарууга чакырат:
- жогорку кабаттарда батареядагы абаны жөнгө салып турчу Маевский крандарын зарыл болгон учурда оңдоо же алмаштыруу;
- жылуулук жакшы келиши үчүн аны таратуучу каражаттарды тазалап, зарыл болгон учурда оңдоо керек. Ошондой эле ысык менен муздак сууну аралаштырып берген крандарды оңдоп алуу туура;
- ысык суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу сунушталат;
- жылуулук сыртка чыгып кетпеши үчүн айнектерди жана сырткы эшиктерди жылуулап алуу зарыл.
Кошумча суроолор жаралса төмөнкү телефондорго коңгуроо каксаңыз болот:
- "Бишкек жылуулук энерго" ишканасынын абоненттик кызматы: 212847;
- Жылуулук жана ысык суу боюнча эсептерди алуу бөлүмү: 492535, 212804;
- "Бишкек жылуулук тармактары" ишканасынын керектөөчүлөрдү колдоо борбору: 61-11-69;
- Борбордук райондор боюнча нөөмөттөгү инженерлер: 36-57-19, 30-07-67;
- Түштүк район боюнча нөөмөттөгү инженерлер: 51-06-22, 21-74-06;
- диспетчерлер: 56-85-58.