Ысык-Атада бир тууган инисин өлтүрдү деп шектелип 42 жаштагы киши кармалды

2 октября 2020 Ысык-Атада бир тууган инисин өлтүрдү деп шектелип 42 жаштагы киши кармалды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун 42 жаштагы тургуну бир тууган инисин өлтүрдү деп шектелип колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, 2-октябрда түнкү саат 00:55 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө айылдардын бириндеги үйдө эркек кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барып, бычак менен бир нече ирет жаракат алган кишинин сөөгүн табышкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча иш козголгон. Тергөө кызматы тарабынан экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүү деп каза болгон жарандын 42 жаштагы бир тууган агасы кармалды. Ал эми анын көз жумган иниси 39 жашта болчу", — деп айтылат билдирмеде.

Учурда тергөө иштери уланууда.

sputnik