Асылбек Жээнбеков Ош шаарында митинг өткөрүп жатат

6 октября 2020 Асылбек Жээнбеков Ош шаарында митинг өткөрүп жатат

Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өтүп жатат. 

Митингге чогулгандардын арасында президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков сүйлөөдө.

"Баары мыйзамдуу жол менен чечилиши керек. Бизде легитимдүү президент бар, ал өлкөгө мыйзамдуулукту орнотот", — деди Жээнбеков.

Ал митингчилердин Ак үйдү басып алышын сындап жатат. Анын жанында калаа мэри Таалайбек Сарыбашов турат.

Бирок экинчи тараптагы адамдар "таза шайлоо өткөн жок" деп кыйкырышууда. Мындан тышкары, "бийлик элдики, элди бөлбөгүлө" дегендер да бар.

Ушу тапта аянтта 500дөй киши чогулуп турат.


sputnik