Маалымат катчы Сооронбай Жээнбековдун учурда кайда экенин айтты

6 октября 2020 Маалымат катчы Сооронбай Жээнбековдун учурда кайда экенин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков учурда Бишкекте жүрөт. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

 Жээнбеков саясий күчтөрдү Кыргызстандын жана анда жашаган жарандар үчүн акыл-эстүүлүк кылууга чакырып жатат деп айтышты.

"Учурда президент Бишкекте ", — деди Стамалиева.

 Ошондой эле ал Жээнбеков учурда кырдаалды көзөмөлгө алып, саясий күчтөр коомду бөлүп-жарууга жол бербейт деген ишенимин билдиргенин айтты.

Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан.

sputnik