Мэрликти талашкандар жана мародерлор. Өткөн түндөгү 6 окуя

7 октября 2020 Мэрликти талашкандар жана мародерлор. Өткөн түндөгү 6 окуя

Өтүп кеткен түн дагы окуяларга бай болду. Алар тууралуу кыска-нуска бир материал менен айтып берели.

1. Саат 20.00гө жакын Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду жаңы премьер-министр кылып дайындашты. Ал юридикалык жактан өкмөт башына келе алар-албасын азырынча так айта албайбыз. Баса, мурдагы премьер Кубатбек Боронов ушул эле кечте отставкага кетти.

2. Мындан тышкары, өлкөнүн экинчи адамы, тарыгаагы, парламентке жаңы спикер шайланды. Буга чейинки төрага Дастан Жумабеков отставкага кетип, ордуна "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев келди.

3. Ал ортодо Ош шаарында дагы көп кызыктар болду. Алгач депутат Дүйшөн Төрөкулов өзүн бул шаардын башчысымын деп жарыялай койду. Бирок бул чечим менен мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тарапташтары макул болгон жок. Көп өтпөй Мырзакматов өзү Кыргызстанга келип, учактан түшүп жаткан видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

4. Саат 23.00гө чукул белгисиз адамдар Финансы полициясынын имаратын басып алууга аракет кылды. Бирок ведомствонун кызматкерлери ага жол берген жок.

5. Борбор калааны башкаргысы келгендер дагы көп экени түндө билинди. Кечээ эртең менен өзүн жаңы мэр катары көрсөтө койгон Жоошбек Коеналиев четтеп, ордуна Координациялык кеңеш убактылуу мэр катары Мирлан Бакетаевди бекитти.

6. Эң жагымсыз көрүнүш Бишкектин көчөлөрүндө болду. Белгисиз топтор дүкөн, кафелерди тоноого аракет кылышты. Мисалы, "Нават" кафесине, Vefa соода борборуна мародерлук кылгысы келгендер болду. Ал тургай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын көздөй бет алгандар болду. Бактыга жараша, өз ыктыяры менен чогулган элдик кошуун алардын жолун тороп калышты. Ошондой эле алар шаардын көп жерлеринде тынчтык жана тартипти камсыздап беришти.

sputnik