Жапаровдун премьерлигин тааныбайбыз! Дагы бир Координациялык кеңештин билдирүүсү

7 октября 2020 Жапаровдун премьерлигин тааныбайбыз! Дагы бир Координациялык кеңештин билдирүүсү

Садыр Жапаровдун премьер-министр болушун тааныбайбыз. Бул тууралуу жаңы түзүлгөн дагы бир Координациялык кеңештин мүчөлөрү маалымат жыйын учурунда билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда экинчи Координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына "Чоң Казат", "Ордо" "Мекен ынтымагы" "Реформа", "Ыйман нуру" партиялары кирген.

Бүгүн, 7-октябрда, алар өкмөт үйүндө маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Экинчи Координациялык кеңеш жыйында кечээ, 6-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн өкмөттү жана Садыр Жапаровду премьер-министр катары тааныбай турганын айтышты.

Мындан сырткары, алар өкмөттү толугу менен люстрация кылып, кийинки шайлоого "Мекеним Кыргызстан, "Биримдик", "Кыргызстан" партияларын катыштырбай, парламентти таратуу чечимин кабыл алышкан.

Эске салсак, буга чейин өлкөдө бир Координациялык кеңеш түзүлгөн. Анын курамына КСДП, "Республика", "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Бир Бол" жана "Замандаш" партиялары кирген.

sputnik