Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

22 сентября 2020 Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россиянын премьер-министринин орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, Оверчук соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн атайын делегацияны баштап келди.

Жолугушуу учурунда Оверчук COVID-19га каршы вакцина тууралуу кеп козгоду.

"Коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте каралат", — деди Оверчук.

Ал ошондой эле КР президентине Россиянын президенти Владимир Путин менен өкмөт төрагасы Михаил Мишустиндин саламын жана жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Ал эми Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы, орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразиялык фонд аркылуу 100 миллион доллар өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирди.

sputnik