Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды

20 сентября 2020 Бишкек — Москва каттамы жуманын кайсы күнү аткарылары маалымдалды

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан тарта Бишкек — Москва аба каттамы такай жума күнү аткарылмай болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, борбор калаадан Москваны көздөй жүргүнчүлөрдү Avia Traffic Company авиакомпаниясы ташыйт.

Белгилей кетсек, буга чейин РФ Кыргызстан, Казакстан жана Беларусь менен аба каттамын жанданта турганы айтылып, учактар жумасына бир ирет гана каттай турганы кабарланган.

sputnik