БШК Дастан Жумабековдун талапкерлиги боюнча чечим кабыл алды

18 сентября 2020 БШК Дастан Жумабековдун талапкерлиги боюнча чечим кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, учурдагы спикер Дастан Жумабеков шайлоодон четтетилген жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Жумабековдун өзүнө дагы эмес, ал талапкер катары аттанып жаткан “Кыргызстан” партиясына эскертүү берүү чечимин кабыл алды.

Белгилей кетсек, 15-сентябрда Дастан Жумабековдун өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиевдин коштоосунда Кара-Буура райондук ооруканасына барган сүрөттөрү чыккан. Анда көз жарган келинге өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан сүйүнчү катары 50 миң сом бергени айтылып, жакынкы жылдары мамлекет наристелүү болгон ар бир үй-бүлөгө ушундай каражат төлөп берерин убадалаганы жазылган.

Буга байланыштуу БШКнын айрым мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарын бузду деп Жумабековду же ал курамына кирген "Кыргызстан" партиясын шайлоого катышуудан четтетүүнү сунуштаган. Ошондой эле алар Жумабеков спикер кызматын пайдаланып, үгүт иштерин административдик ресурс, сүйүнчү пул бергенин добуш сатып алуу катары баалаган.

Мындан улам, Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу Дастан Жумабеков "административдик ресурс колдонгон" деген корутунду чыгарып, БШКнын кароосуна киргизген.

sputnik