Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду

16 сентября 2020 Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев көз жумду

Кыргыз эл артисти Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында көз жумду. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, Тагаев көптөн бери ооруп жүргөн. Жакында эле ооруканадан чыгарылып, үйүндө төшөктө жатканы кошумчаланды.

Тагаев Калыйбек Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде жарыкка келген. 1961-жылы Каракол педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктагандан кийин Ат-Башыдагы Ленин атындагы №1 мектепте мугалим, Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп иштеген. 1970-1974-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө окуган.

Элине эмгеги сиңген улуу композитор, мажордук музыканын атасы атыккан Тагаев 120дан ашык обондун автору. Анын "Ат-Башым", "Элмира", "Долон", "Ак куулар Көлдө термелет", "Назгүлүм" баштаган чыгармалары классикага айланып, эл жүрөгүнөн түнөк тапкан. 60ка жакын обону Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген артисти, беш жылдан кийин Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.

sputnik