Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады. Статистика

20 сентября 2020 Кыргызстанда коронавирус жуктургандар кайра көбөйө баштады. Статистика

Акыркы суткада өлкө боюнча COVID-19дан 69 адам айыгып чыкса, 91 киши жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек – 8;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 10;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 18;
  • Баткен облусу – 16.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 9;
  • Чүй облусу – 6;
  • Ош облусу – 17;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 30.

Өткөн суткада медиктердин арасынан тогузу коронавирусту илештирип алган. Алардын төртөө Баткен облусунда, төртөө Ошто, бирөө Жалал-Абадда.Ошол эле учурда 15 медик ооруну жеңип чыкканы айтылды.

Белгилей кетсек, бир сутка ичинде оорудан каза болгон учур катталган жок.

Жалпысынан алганда өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 45 335ке жетсе, анын ичинен 41 484ү айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 1 063 адамдын өмүрүн алган.

Учурда стационарларда 570 бейтап дарыланып жатат. Ошондой эле 1 771 адам амбулатордук шартта медициналык жардам алууда.

sputnik