Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

20 сентября 2020 Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

Россияга барууну каалаган кыргызстандыктар коронавируска тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөнү тууралуу маалым катын көрсөтүшү керек. Бул тууралуу КРдин РФтеги элчилиги кабарлады.

Маалыматта эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу авиакаттам жандангандыктан 21-сентябрдан тарта  аба жолдору ачылганы айтылат.

"Азырынча рейс жумасына эки ирет "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары аркылуу аткарылып турмакчы", — деп жазылат кабарда.

Ал эми тестти жүргүнчү Россиянын аймагына киргенге чейинки үч күндүн аралыгында тапшырышы зарыл.

sputnik