65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды

17 сентября 2020 65 млн. сомдук зыян. Мурдагы министр Чолпонбаев эки айга тергөө абагына камалды

Мындан эки күн мурда кармалган Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчиси Космосбек Чолпонбаевду бүгүн Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына киргизүү боюнча чечим чыгарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Анын 15-ноябрга чейин тергөө абагында болору айтылды.

"Чолпонбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон. Көзөмөл органынын сунушу менен Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, Бишкек шаарындагы тергөө абагына эки айга киргизүүнү чечти", - деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, 15-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Ушул жана шалаакылык беренеси боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилик кызматтагы өкүлдөрү дагы шектелип жатат.

sputnik