Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

17 сентября 2020 Эми кыргызстандыктар Казакстанга учак менен гана бара алышат

Башка өлкөнүн жарандарына Казакстандын чек арасы аркылуу унаа менен өтүүгө тыюу салынды. Эреже кыргызстандыктарга дагы тийиштүү экенин Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Республика Өзбекстан (11-сентябрь) жана Кыргызстан (20-сентябрь) менен авиакаттамын жандантканы жатат. Мындан улам коңшу өлкөгө эми учак аркылуу гана барууга болот. Ал эми жөө же унаа менен кирүүгө уруксат жок.

Эске салсак, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Алматы — Бишкек — Алматы рейси 20-сентябрдан тарта каттап баштайт. Учуулар Air Astana авиакомпаниясы аркылуу шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.

sputnik