Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат

22 сентября 2020 Авиакаттам жанданса да Россиядан кыргызстандыктарды автобус менен ташуу уланат

Россия менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамдар жанданганына карабастан Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн эки мамлекеттин чек арасы аркылуу транзиттик коридорлор уюштурула бермекчи. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

"Аба каттам — кымбат нерсе, жарандар дагы чек арадан башка транспорт менен өтүп көнүп калды. Учурда казак тарап менен техникалык иштер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, мигранттардын тизмеси такталууда. Жакында мигранттар Казакстан аркылуу өлкөгө жиберилиши керек", — деген элчиликтин вице-консулу Алмаш Алтымышева.

21-сентябрдан тарта Россия Казакстан жана Кыргызстан менен туруктуу каттамдарын калыбына келтирген болчу.

Жазында Казакстан Россия жана Кыргызстандын жарандарын мамлекеттик чек арасынан өткөрүүнү убактылуу чектеген. Коңшу мамлекеттин аймагы аркылуу өз мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар Оренбург жана Самара облустарынын чек ара аймактарында, ошондой эле Башкыртстандагы чатыр лагерлерине топтоло башташкан.

Май айынан бери Россиядан Казакстан аркылуу алты транзиттик коридор уюштурулуп, миңдеген адам мекенге кайткан.

Алтымышева учурда Кыргызстанга кете турган адамдардын тизмеси түзүлүп жаткандыгын белгиледи. Консул орус-казак чек арасында иштеп, Казакстан менен транзиттик коридорду ачуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жатат.

sputnik