Сасык тумоого каршы эмдей турган жеке клиникалардын тизмеси

17 сентября 2020 Сасык тумоого каршы эмдей турган жеке клиникалардын тизмеси

аламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзө турган менчик медициналык борборлордун тизмесин расмий сайтына жарыялады. 

Министрлик акысыз профилактикалык вакцина бардыгына жетпей калышы мүмкүн экенин эскертип, менчик медициналык борборлордо аны уюштуруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Бишкекте акы алып вакцина жасай турчу клиникалар:

  • "Цадмир";
  • "Кроха";
  • "Малыш";
  • "Гиппократ";
  • 312-поликлиника;
  • № 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
  • № 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.

"Цадмир" медициналык борборунда эмдөө жакын арада баштала турганы айтылды.

Ош облусунда акы алып вакцина жасай турчу клиникалар:

"Doctor KG" жеке медициналык борбору эмдөөгө лицензия алган. Ал эми KG, "Андрос", "Касиет", "Медалюкс", "Ден соолук +" лабораторияларына уруксат бериле элек. Учурда алардын документтери даярдалып жатат.

Талас, Баткен, Жалал-Абадда "Цадмир" медициналык борборунун филиалдары иштейт.

Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы менчик медициналык борборлордо сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлө электиги белгиленди. Учурда эмдөөнү уюштуруу иштери жүрүп жатат.

Жеке клиникалардагы эмдөөнүн баасы азырынча аныктала элек. Министрлик белгилегендей, былтыр орточо эсеп менен 600-650 сом болгон.

Эске салсак, Бишкек менен Чүйдө акысыз эмдөө 16-сентябрдан тарта башталган. Вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорусу бар, иммунитети алсыз, көп ооруган балдар менен кош бойлууларга, жашы 65тен өтүп калган адамдарга, балдар үйү менен мектеп-интернаттарда тарбиялангандарга, карылар үйүндө жашагандарга, ошондой эле медиктерге сайылат.

sputnik