Бишкек мэриясында коомдук транспорттогу жол кире тарифи кайра каралып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
9 февраля 2022Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги кесилиште кыймылды жөнгө салып жаткан Патрулдук милициянын инспекторун унаа коюп кетти. Маалыматты Милициянын патрулдук кызмат башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу тастыктады.
9 февраля 2022Ат-Башы районунун аймагында "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө жети мылтык алынып, ал эми 29 жаштагы жаран камакка алынган. Бул туурасында Нарын облустук ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.
9 февраля 2022Ошто 4-курста окуган студент кыздын сөөгү табылып, аны өлтүрдү деген шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
9 февраля 2022Онкологиялык оорулар учурдун көйгөйү болуп турганы анык. Бейтаптардын саны да барган сайын өсүп жатат. Өкүнүчтүүсү — жаш балдар да ооруп, наристесинин өмүрү үчүн жардам сурагандар арбыды.
8 февраля 2022Соттон билдиргендей, айыпталуучунун жактоочулары январь айынын соңунда кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу козголгон ишти токтотууну өтүнүшкөн.
8 февраля 2022Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Санжарбек Тажиматов конституциялык реформанын алкагында өткөн жылы "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам демилгеленгенин белгиледи.
8 февраля 2022Эс алуу жайы Ашар жана Арабаев көчөлөрүнүн кесилишинде пайда болот. Долбоордо тротуар, веложол, отургучтар, балдар аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянттары, ажаткана каралган. Учурда жер участогунда пландоо иштери башталды.
8 февраля 2022Өлкө башчы соода кылып жаткан жарандар менен баарлашууда. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, Жапаров сатуучуларга кассалык аппарат боюнча түшүндүрүү иштерин өзү жүргүзүп жатат.
8 февраля 2022Россияда педофил-рецидивисттерди өмүр бою эркинен ажыратуу мыйзамы күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Telegram-каналына жазды.
8 февраля 2022Көчмөндөрдүн IV дүйнөлүк оюндарын ушул жылдын сентябрь айынын аягында өткөрүү болжолдонууда. Бул тууралуу Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев Facebook баракчасына жазды.
8 февраля 2022Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
8 февраля 2022Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2022-жылы 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде айтылат.
8 февраля 2022Ысык-Ата районунда жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
8 февраля 2022Борбордук шайлоо комиссиясы Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында канча шайлоочу добуш бере аларын маалымдады.
8 февраля 2022Кыргызстанда кургакчылык учурунда сугат көйгөйүн кантип чечсе болорун Sputnik радиосунун эфиринде жасалма мөңгү тоңдуруучу Абдималик Эгембердиев менен окумуштуу гляциолог Рыскул Усубалиев айтып берди.
8 февраля 2022Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат турган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин карамагынан менчикке мыйзамсыз чыгарып берген коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
8 февраля 2022Россиядагы аэропортто кыргызстандык жигит жаш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу түркиялык блогер Фатих Копаран Twitter баракчасына жазып чыкты.
7 февраля 2022Эгер менден ката кетип калган болсо Талас элинен кечирим сурайм. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" маек куруп жатып билдирди.
7 февраля 2022Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 21 диний, экстремисттик жана террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.
7 февраля 2022Пенсиялык чегеримдердин кайсы бөлүгүн ипотекалык баштапкы төгүмдү төлөөгө жумшай алабыз. Бул үчүн кандай шарттарды аткаруу керек?
7 февраля 2022Президент Садыр Жапаровдун 3-6-февраль күндөрү Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
7 февраля 2022Баткен облусунда абал туруктуу, жарандарды жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
7 февраля 2022Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Сокулукта зордук-зомбулукка кабылган эки жашар бөбөктөн кабар алып, ата-энесинен окуянын себептерин тактады.
6 февраля 2022"Бул борбор негизи жок болчу. Отставкага кеткидей эмне кылыптырмын? Мен өз ишимди жасап жатам. Эгер баштаган реформамды кимдир бирөө улантса, анда кетип, жакшы көргөн жумушум менен алек боло бермекмин. Бирок ага азыр убакыт жок, баштаган реформаны аягына чыгарышым керек. Ишимди уланта берем", — деди Бейшеналиев.
6 февраля 2022Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Джеембаев жарандарды турак жай менен камсыз кылуу жаатындагы иштер тууралуу маалымат берди.
4 февраля 2022Финляндиянын криминалдык полициясы Тышкы иштер министрлиги зыян тарткан ири алдамчылык боюнча ишти жапкандыгын Yle деп аталган маалымат порталы кабарлады.
4 февраля 2022Жогорку Кеңештин "Ынтымак" жана "Ишеним" фракциялары Баткенге барып биргелешкен көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
4 февраля 2022Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
3 февраля 2022Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
3 февраля 2022Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Кыргызстандын Өзбекстанда жайгашкан Барак эксклавында жашагандар жашоо шартынан улам көчүп кетип жатканын билдирди.
3 февраля 2022Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президенттин айланасындагы кээ бир кадрлар ага зыянын тийгизе баштаганын айтып, тазаланууга чакырды.
3 февраля 2022Эл өкүлү Нурлан Шакиев аткаминер берген маегинде парламенттин дарегине катуу сындарды шакаба катары айтканына нааразы болду. Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция жасашы керектигин белгиледи.
3 февраля 2022Билим берүү жана илим министрлиги мындай чатакты кантип жөнгө салмакчы? Мугалимдин кадырын кантип көтөрүш керек? Лебединовкадагы окуя кээ бир окуучулар үчүн тескери жакка үлгү болушу мүмкүнбү?
2 февраля 2022