"Бишкек жарык" ишканасы мамлекетке 27 млн. сомдон ашык зыян келтирген

14 февраля 2022 "Бишкек жарык" ишканасы мамлекетке 27 млн. сомдон ашык зыян келтирген

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы мамлекетке 27 миллион 189 миң 678 сом зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө ишканада товардык-материалдык баалуулуктар системалык түрдө жүргүзүлбөгөндүгү аныкталып, төрт кызматкерге кылмыш иши козголгон.

Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337 ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен тергөө иштери башталды.

sputnik