Венгрияда билим алган Аида Мусаева буга чейин муниципалдык кызматта иштеген, учурда докторлугун "Кыргызстандын жергиликтүү экономикасын ѳнүктүрүү альтернативалары" аталышындагы диссертациясын жазууда. Ал илимий изилдөөсүндө дүйнөлүк тажрыйбаны карап, облустарды кыдырып сурамжылоо жүргүзгөн.
— Сиз учурда Венгриядагы Печь университетинде окуп жаткан экенсиз. Ал ЖОЖго кантип өтүп калгансыз?
— Печь университетинин регионалдык саясат жана экономика багыты боюнча докторантурада окуйм. Аны буюрса ушул жылы аяктайм. Азыр диссертация жазуу жана жактоо алдында турам. Аталган жогорку окуу жайга 2018-жылы гранттык орундарга жарыяланган сынак аркылуу өтүп кеткем. Венгрия жыл сайын кыргызстандыктарга акысыз окууну сунуштап келет. Биз тапшырган жылы 25 орун берилген. Бакалаврга 10, магистратурага 10 жана докторантурага беш орун. Биз сынактардан өтүп, тест тапшырып, маектешүүлөр болду. Бул жакка келгенде бир семестр венгер тилин үйрөндүк, сабактардын баары англис тилинде ѳтүлѳт. Билим алуу акысыз, ай сайын стипендия берилет, медициналык камсыздандыруу жана бекер жатакана каралган. Студенттерге маданий иш-чаралар, жол кире 50 пайыз арзандатылган. Эң негизгиси, ЖОЖдо коррупция жок. Башында тапшырганда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген жети адам окудук. 2-курстан кийин окуу оорлоп көпчүлүгү бүтө албай калат. Азыр үчөөбүз эле калдык. Египет, Эквадордон келген экөө жана мен.
— Илимий ишиңиз КРдин аймактарынын экономикасы, өнүгүү саясатына багытталыптыр. Аталган теманы тандооңузга эмне түрткү болду?
— Илимий ишимдин темасы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү экономикасын ѳнүктүрүү үчүн альтернативалар" деп аталат. Окууга өткөнгө чейин Кызыл-Кыя мэриясында иштечүмүн, ал жакта эмгектенгеним изилдөөмө жакшы жардамы тийди. Негизинен изилдѳѳм элет жерине багытталган. Кыргызстанда бул маселеге кайрылгандар өтө аз экен, көпчүлүгү саясат, президенттердин алмашууларын жазышыптыр. Ал эми Европада аймактарды, айылдарды өнүктүрүү боюнча илимий эмгектер көп экен. Анан тандаган темам Кореяда бир жыл төрт ай окуган магистратурамдын уландысы болду. Ал жактагы диссертациям коомчулукту өнүктүрүүгө арналган эле. Негизинен салыштырмалуу изилдѳѳ кызык, бирок кымбат жана ѳтѳ көп убакыт, энергияны талап кылат. Ошентип былтыр теориядан практикага киришип, изилдѳѳнү баштагам.
— Изилдөөңүздүн алкагында Кыргызстандын облустарын кыдырып, элеттиктерден сурамжылоо жүргүзгөн экенсиз. Анын жыйынтыгы жөнүндө ой бөлүшө кетсеңиз.
— Темам Кыргызстанга байланыштуу болгондуктан төрт жылда өлкөбүзгө тогуз жолу учуп барып келдим. КРдин мыйзамдарына ылайык, мэрия, айыл өкмөттөр "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Кыргызстанда 453 айыл өкмөт, 31 шаар, жети облус бар. Аймактарда сурамжылоолорду өткөрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, кызматкерлерге сабак өттүм. Анын жыйынтыгына ылайык, аймактарда чакан ишкерликти көбөйтүп, ишкерлерге шарт түзүп берүү керек экен. Ошонун аркасында мамлекетте туруктуулук орноп, экономикабыз алдыга жылып, айылдар дотациядан чыгат. Ал үчүн аймактардагы кадр маселесин чечүү зарыл. Кызматкерлер ротация кылсак дагы кадр маселеси ѳз нугунда чечилип, кесипкѳй адистердин кызматка келишине жакшы шарт болмок. Анан биз сөзсүз административтик-территориялык реформага барышыбыз керек. Себеби бир айылга барсам жайгашкан жери боюнча Кадамжай районуна жакын, бирок Баткен районуна карап калган. Ал айылдын тургундары Баткенге жетүү үчүн бир нече саат жол жүрөт.
— Аймактарды экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча дүйнө жүзүндө тажрыйбалар көп. Сиз Кыргызстандын шартында кайсы моделди колдонсо жакшы болот деп ойлойсуз?
— Дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттер убагында биздин жолду басып өткөн. Илимий ишимде негизинен Корея менен Европанын тажрыйбасына кеңири токтолдум. Мисалы, 1970-жылы корейлердин "Жаңы айылды өнүктүрүү" же "Жаңы айыл кыймылы" модели ишке кирип, ага Түштүк Корея миллиарддаган акча жумшап 10 жыл бою ийгиликтүү саясат жүргүзгөн. Анын аркасында элеттеги элдин жашоо шарты, экономикасы бир топ жогорулаган. Кыргызстанга 2019-жылы Кореянын мурдагы премьер-министри Ли Нак Йон келип, ал долбоор бизде башталган. Азыр аталган ыкманы 30 айыл өкмөт колдонуп жатат. Айылдарды ѳнүктүрүү схемасы ѳтѳ жѳнѳкѳй. Ар бир айыл ѳз лидерин тандап, ал киши фонд же коомдук уюм түзѳт. Ал эми айыл өкмѳт долбоор жазат, ал демилге айыл жерине пайдалуу болушу керек. Эң башкысы, жумушта ашар элдик ыкмасы колдонулуп керектүү жумуштар ыктыярдуу негизде аткарылат. Корея 2010-жылы донор мамлекеттердин катарына кошулуп, бизге окшогон мамлекеттерге жардам берүү милдетин мойнуна алып, Кыргызстанга 3,5 миллион доллар бөлгөн. Корей тарап биринчи фазасына бир айылга 25 миң доллар берет, жетпей калган сумманы жергиликтүү бийлик чыгарат. Элде акча жоктугунан улам ашар жолу менен бекер жумуш жасайт. Долбоордун туруктуулугуна айыл өкмөт жооп берет. Экинчи фазада 29 миң доллар, үчүнчү фазада 35 миң каралган. Биринчи фазаны ийгиликтүү бүткѳндѳр гана кийинки баскычка ѳтүп, тиешелүү акчаны алып ишин улантат. Ушул үч баскычты басып өткөн айылда чакан өндүрүш, кошумча жумуш орундары камсыз болушу керек.
Ал эми европалыктардын "Лидер" аттуу моделине Европа биримдигине мүчө болгон мамлекеттер гана катыша алат экен. Мен Германия менен Франциянын долбоорлоруна кайрылгам, бирок алардан маалымат алуу мүмкүн болгон жок. Жардам берген тарап жергиликтүү аткаруу органы менен иштешет. Аларда ашар ыкмасы колдонулбайт.
— Илимий ишиңизге таянып айтсаңыз, биз канткенде аймактарды өнүктүрө алабыз?
— Өткөн кылымдын 70-жылдары Кореяда элдин ыктыярдуу катышуусу менен айылдарда чоң ѳзгѳрүүлөр болгон. Ал саясатты президент Парк Чунг-Хи өзү кѳзѳмѳлдѳгѳн, ага бүт министирликтер катышкан жана каржылоого көп акча жумшалган. Ал эми Кыргызстанда айыл өкмѳттүн 82 пайызы ѳзүн-ѳзү каржылай албайт, дотацияда. Өлкөдөгү туруксуз саясаттан улам айылдыктар өнүгүүнү кой, тынчтык болсо болду деп калышкан. Айылдардын алдыга жылышы түздѳн-түз мамлекеттин туруктуу саясатынан, стабилдүүлүктөн көз каранды. Стабилдүүлүк жок жерде жылыш болбойт, айылдар дотацияда кала берет, инвестиция да келбейт.
Ошондуктан мен жогоруда айткан Корея менен Европанын моделдерин айкалыштырып "Кызыкдар үч тарап" моделин иштеп чыктык. Ага жергиликтүү бийлик, ишкерлер жана эл катышат. Үчөө биргеликте аракеттенип өндүрүш ачат, элдин жалпы көйгөйүн чечет. Азыр өлкөнүн көпчүлүк аймагында ушул моделге ылайык келген ишкерлер өтө аз болуп жатат. Ошондой эле аймактарда өтө аяр көйгөйлөр бар экен. Мисалы, Баткен облусунун чек арага жакын айылдарынын тургундары биринчи кезекте чек ара маселесин чечип анан гана экономикага киришүү керек дешет. Алардын тилегени тынчтык. Дегеним, ар бир айылга, кыштакка, аймакка өз-өзүнчө мамиле, ыкма пайдаланышыбыз керек.
— Сиздер илимий ишиңиздин аркасында элеттегилер менен түз иштештиңиздер да. Айылды жакшыртуу үчүн колдонулган жергиликтүүлөрдүн өздөрүнүн жакшы тажрыйбалары бар бекен?
— Ооба. Ош облусундагы Бел айылынан чыккан ишкер өзүнүн туулуп-ѳскѳн айылына өнүгүү стратегиясын Бишкектен адистерди чакыртып жаздыртып, айыл өкмѳт башчысын Ысык-Кѳл облусунан атайын чакыртып келип иштеткен. Ал жаш кадр Ысык-Көлдөгү эң мыкты айыл өкмөт башчы болуп, Ошто бир жыл төрт ай жигердүү иштеп кетиптир. Андан сырткары, ошол айылдан чыгып чет өлкөдө иштеп, окуп жүргөндөр чет тилди окуучуларга үйрөтүү үчүн Европадан ыктыярчыларды жөнөткөн. Жакшы окугандарга ошол айылдан чыккан ишкер ай сайын стипендия берип, активдүү аялдардын долбоорлорун каржылаган. Мисалы, жакырчылыкты жоюуга багытталган бир аракети көңүлдү жылытат. Жакыр жашаган бир үй-бүлөгө 10 кой алып берет. Алар аны бир жыл багып козуларын алып калат. Ошентип ал он койду кезекте турган башка үй-бүлө алган. Мына көпчүлүк пайдалана алчу ушундай тажрыйбалар Кыргызстанда деле жок эмес.
— Окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга келесизби, кандай пландарыңыз бар?
— Диссертациямды ийгиликтүү аяктап калсам Кыргызстанга барам. Анан Венгрияда диссертацияны жактагандан кийин квалификациямды жогорулатып эки жыл иштеп, профессорлукту алсам деген ой бар. Жакындарым Кыргызстанда болгондуктан сөзсүз кайтып барам.