УКМК Сооронбай Жээнбековдун кудасы Абжалиевди кармады

11 февраля 2022 УКМК Сооронбай Жээнбековдун кудасы Абжалиевди кармады

УКМК Жогорку Кеңештин алдамчылыкка шектелген А.А. аттуу мурдагы депутатын кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Буга чейин УКМКга экс-депутатка карата чара көрүүнү суранып ишкер кайрылган. Маалым болгондой, депутат болуп жүргөн кезинде ал алдамчылык жолу менен арыз ээсине эки миллион доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар Жазык кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козгоо чечимин кабыл алууга негиз болду", — деп айтылат маалыматта.

Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын тандаган. Ага ылайык, экс-депутат тергөө убагында камакта болот.

Ишенимдүү маалымат булактар билдиргендей, кармалган мурдагы эл өкүлү — бул Алиярбек Абжалиев.

Эске салсак, 2021-жылдын башында УКМК Абжалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы боюнча шек жаратканын маалымдаган. Анын байлыгы расмий кирешесине дал келбей жатканы белгиленген. Эл өкүлүнүн 20 элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусунда пансионаты, Ысык-Көл менен Чүй облусунда жер тилкелери, Түркия менен БАЭде кыймылсыз мүлкү бар экени аныкталганы айтылган.

Кийин Абжалиев УКМКнын атайын эсебине 20 миллион сом которгон. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Алиярбек Абжалиевдин кылмыш иши кыскарганын айткан.

sputnik