Айсулуу, Эрназар баштаган балбандар Түркиядагы эл аралык турнирге катышат

11 февраля 2022 Айсулуу, Эрназар баштаган балбандар Түркиядагы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандык балбандар Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган беделдүү Yasar Dogu эл аралык турнирине катышат. Бул туурасында Бириккен күрөш уюму (UWW) расмий сайты аркылуу маалымдады.

Аталган турнир үстүбүздөгү жылдын 24-27-февраль күндөрү өтөт.

Анда Кыргызстандын намысын Токио Олимпиадасына катышкан балбан кыздар: Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы коргойт. Ал эми эркектер арасындагы эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков күч сынашат.

sputnik