Кыргызстанга кайсы өлкөдөн студенттер көп келип жатканы айтылды

15 февраля 2022 Кыргызстанга кайсы өлкөдөн студенттер көп келип жатканы айтылды

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 83 миңге жакын чет элдик студент билим алат, бул жалпы студенттердин 35 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2021/2022-окуу жылына карата берген маалыматында камтылган.

Чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү (59 миң) КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге өскөн. Өзбекстандан келген студенттердин саны 5 жылдын аралыгында 11ден 90 пайызга чейин көбөйгөн. Ал эми Казакстандан келгендер 43төн 3 пайызга чейин кыскарган.

Ал эми соңку беш жылдын ичинде алыскы өлкөлөрдөн келип окуп жаткандардын саны 6 миңден 19 миңге жеткен. Бул аралыкта индиялык студенттер 73төн 63 пайызга чейин азайып, пакистандыктар 6дан 31 пайызга чейин көбөйгөн.

sputnik