Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифин кайра карап жатат

9 февраля 2022 Бишкек мэриясы коомдук транспорттогу жол кире тарифин кайра карап жатат

Бишкек мэриясында коомдук транспорттогу жол кире тарифи кайра каралып жатат. Бул тууралуу вице-мэр Максат Сазыкулов "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Ага "бир эле үй-бүлөдө бир нече мектеп окуучусу болгондуктан коомдук транспорттогу жол кире акысын төмөндөтүүнү сурангандар бар. Ушул маселе каралашы мүмкүнбү?" деген суроо узатылды.

"Чынында бул маселе мэрияда көтөрүлүп, активдүү талкууланып жатат. Учурда биз тарифтик саясатты кайра карап жатабыз. Албетте, бул маселе дагы эске алынат. Бирок качан чечилерин так айта албайм", — деди Сазыкулов.

Белгилей кетсек, Сазыкулов тарифтик саясатты кайра кароодо жол кирени төмөндөтүүнү же тескерисинче, көтөрүүнү талкуулап жатышканын тактаган жок.

sputnik