Бишкекте эскирген нан ташталчу челектер коюлуп жатат. Сүрөт

14 февраля 2022 Бишкекте эскирген нан ташталчу челектер коюлуп жатат. Сүрөт

Бишкекте катып, эскирип кеткен нандарды таштай турчу атайын челектер коюлуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Долбоорду жаш активисттер демилгелеп, шаарды таштандыдан арылтуунун бир ыкмасын колго алышкан. Бул таштанды челектин жанынан чыкпаган кароосуз жаныбарлардын санын азайтууга жардам берери белгиленет.

Активисттер эскирип кеткен нан азыктарын өздөрү ташып кетип, "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин ишин жеңилдетмекчи.

Жыл ичинде шаарга мындай 1500 урна орнотуу пландалууда.

Муниципалитет калаанын тазалыгы үчүн жан үрөгөн активисттерге ыраазычылыгын билдирип, тургундардан бул челектерге нанды гана таштап, урнаны туура пайдаланууну өтүндү.

sputnik