"Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылабы?" Брифинг

11 февраля 2022 "Кыргызстанда айрым медициналык окуу жайлар жабылабы?" Брифинг

Иш-чара жума күнү, 11-февралда, саат 10:00дө онлайн-форматта өтөт. Түз эфир Sputnik Кыргызстан агенттигинин Facebook баракчасынан көрсөтүлөт.

Былтыркы жылдын этегинде Антикоррупциялык ишкердик кеңеши тарабынан комиссия түзүлүп, ал медициналык ЖОЖдорду текшерип баштаган. Кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова дал ошол комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат берет. Анда талапка жооп бербейт деген медициналык окуу жайлар айтылат.

Урматтуу журналисттер, бул тема боюнча кызыктырган суроолорду (0553) 28-27-97 номерине (Telegram, WhatsApp) жөнөтсөңөр болот. Модератор суроолорду түз эфир учурунда берет.

sputnik