Нарында продукциясын Россияга экспорттой турган тигүү цехи ачылды. Сүрөт

11 февраля 2022 Нарында продукциясын Россияга экспорттой турган тигүү цехи ачылды. Сүрөт

Нарын шаарында продукцияларынын 95 пайызын Россияга экспорттой турган 50 орундуу тигүү цехи ачылды. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Нарын шаарында түзүлгөн Naryn Textile жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Кайрат Жолдошбеков ишкананын аткарып жаткан иштери, келечектеги инвестициялык долбоорлор менен тааныштырды. Азыркы учурда тигүү цехинде 50 киши жумуш менен камсыздалса, келечекте ишкананы чоңойтуп жарым миңге жеткирүү планында бар экенин билдирди.

"Биздин продукцияларды КМШ мамлекеттерине, анын ичинен Россияга экспорттоону көздөп жатабыз. Бул цехти Нарын шаарына ачуумдун себеби жумушсуздук маселесин чечүү болду", — деди ал.

Бул иш уланып, Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен 4-5 айдын ичинде 500 орундуу тигүү цехи курула турганын жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да билдирди.

"Жер маселесин чечүүдө, ижара акысынан бошотуу, документтерди бүтүрүүгө жардам берүүгө даярбыз. Жеңил өнөр жайын өнүктүрүүдө ишкерлерге колдоо көрсөтүшүбүз зарыл", — деген маалымат берди Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов.

Бул иш-чарага президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Жунусов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Автандил Молдосалиев, Нарын шаардык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышкан.

sputnik