Кыргызстандын жылуулук жана гидроэлектр станцияларында авария болгон жок. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
25 января 2022Борбор Азияда электр энергиясынын өчүрүлүшүнө Кыргызстан тараптан мүчүлүштүк кеткен жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат берди.
25 января 2022Жол фондун түзүп, күйүүчү майга акциздик салыкты көтөрүү жана жүк ташуучу унааларга жол акысын төлөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору парламентте кайрадан көтөрүлдү.
25 января 2022Юстиция министрлиги 1991-жылы кабыл алынган "21-март - Ноорузду элдик майрам катары бекитүү жөнүндө" мыйзам эмнеге күчүн жоготкондугун түшүндүрүп берди.
25 января 2022Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнүндө эки кишини кар көчкү басып калган учур видеого түшүп калганы маалым болду.
25 января 2022Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө банк карталары жагымдуу бонустары, атап айтканда, кешбэк жана калдыкка пайыз кошуу менен кубантат. Кыргызстандын банк тармагында бул боюнча жагдай кандай экенин изилдеп көрдү.
24 января 2022Кыргызстандын түштүк региондорунда бир нече күндөн бери газ берүүнүн көлөмү азаюуда. Бул туурасында "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
24 января 2022Кыргызстандын атынан Пекинде өтчү кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган Максим Гордеев жана анын машыктыруучусу Игорь Борисовдон сырткары Кыргызстандан дагы үч киши барат. Бул туурасында Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
24 января 2022Кыргызстандын Украинадагы элчиси Жусупбек Шариповдун ордуна УКМКнын мурунку жетекчиси Идрис Кадыркулов барат. Бул туурасында Жогорку Кеңештеги ишенимдүү маалымат булактар билдирди.
24 января 2022Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болушу күтүлүүдө. Бул туурасында Жогорку Кеңештеги ишенимдүү маалымат булактар билдирди.
24 января 2022Окурман журтуна, мектеп окуучуларына, дегеле Манас ааламына кызыккандарга океандай эпостун бөлүктөрүн чакан кылып жарыялап турмакчыбыз. Кийинки баян Манастын бала чагы тууралуу.
24 января 2022Интернетте казак тойлорунун биринин видеосу тараган. Эл күйөө баланын бою аялынан кыска экен деп талкууга алган. Аны окуучу бала дегендер да болгон. Жаш жубайлардын өздүгү такталды.
21 января 2022Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктар учурунда кармалып дайыны билинбей жаткан Кыргызстандын жараны Чолпонбек Сыдыков 11 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу 19-январда "Азаттыкка" Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.
20 января 2022Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы 19-январда өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңеши менен Казакстан элдеринин ассамблеясына өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарган мыйзам долбоорун жактырды.
20 января 2022Президент Садыр Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломун жана кош жарандуулук боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
20 января 2022Нарын районунун аймагында, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа алты жылкыны сүзүп, андан соң оодарылып калган. Бул маалыматты аталган райондун ИИБинен тастыкташты.
20 января 2022Кыргызстанда 20-январга карата СOVID-19 инфекциясын 870 адам жуктурду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
20 января 2022Бишкек мэриясында Беларуста өндүрүлгөн жүргүнчү ташыган жаңы автобустун презентациясы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
20 января 2022Маалыматка караганда, айрым көчөлөр кыймыл үчүн жабылган. Аймакты полиция кызматкерлери күзөтүп жатат. Мобилдик интернет начар иштеп жатканын агенттиктин кабарчысы жеринен билдирген.
19 января 2022Жогорку Кеңештин депутаттары санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги сунушталган Талантбек Имановдун кылмышка катышы бар деп шектеништи.
19 января 2022Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен айтыша кетти.
19 января 2022Маалыматка караганда, окуучулардан коронавирус аныкталганына байланыштуу №17, 30 жана 32 орто мектептер 14 күнгө карантинге жабылып, окуучулар онлайн окуйт.
19 января 2022Ага ылайык, Сүлүктү шаарынын Шахтер көчөсүнүн 37 жаштагы тургуну 16-январь күнү саат 8:30да жумушка кетип жатып, уулу Кылычбек Камаловду ойготоюн деп бөлмөсүнө кирип таппай калганын айтып милицияга кайрылган.
19 января 2022Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору (ДССУ) Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирустун "омикрон" штаммынын жайылып кетишинен улам COVID-19дун жаңы варианттары пайда болушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
19 января 2022Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кар жаабай жаткандыктан Токтогул суу сактагычында суу тартыштыгы жаралышы мүмкүндүгүн айтып, тынчсыздануусун билдирди.
19 января 2022Изилдөөлөр көрсөткөндөй, узак убакыт бою жыныстык катнашта болбогон адамдар депрессияга жана стресске көп кабылышат.
19 января 2022Бишкекте COVID-19 менен ооругандар аныкталгандыктан 13 мектеп аралыктан окууга өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
18 января 2022"Кумтөр голд компани" ишканасын сырттан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк министрлер кабинетине 2021-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
18 января 2022Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Айжаркын Эгембердиева балалуу болууда кездешүүчү көйгөй тууралуу, тагыраагы, резус-конфликт түшүнүгүн айтып берди.
18 января 2022Өткөн суткада Кыргызстанда 820 кишиден коронавирус табылып, 153 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
18 января 2022Түштүк Корея Кыргызстандан эмгек мигранттарын кайрадан кабыл ала баштады. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
17 января 2022Банктык карта колдонуп, онлайн соода кылып акчаны накталай эмес кармоо коопсуз деген кеп бар. Бирок заманга жараша бул тармактын да уурулары пайда болду.
17 января 2022"Асман" шаарын курууга болжол менен 20 миллиард доллардын тегерегинде акча кетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" гезитине курган маегинде билдирди.
17 января 2022Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Вечерний Бишкек" гезитине берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматова эмнеге суракка чакырылганын түшүндүргөн.
17 января 2022