Байсалов: өлкөдө президент баш болуп камалбаган саясатчы калган жок. Видео

19 января 2022 Байсалов: өлкөдө президент баш болуп камалбаган саясатчы калган жок. Видео

Жогорку Кеңештин депутаттары санариптик өнүктүрүү министри кызматына талапкерлиги сунушталган Талантбек Имановдун кылмышка катышы бар деп шектеништи.

Эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев ага карата УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, бир ай абакта жатып чыкканын айтып, бул иштин чоо-жайын сурады.

"Жеке мага иш козголгон эмес. Мен бир ай жаткан эмесмин. Каякта жазылып жатат? Сурооңузду түшүнбөй жатам", — деди Иманов.

Ал эми Улугбек Ормонов ал "Дастан" ишканасын жетектеп турганда алдындагы "Улан" заводуна коррупция беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Анан "министрлер кабинетинин мындан кабары барбы?" деп кызыкты.

ВИДЕО

Буга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берип, азыр кайсы бир саясатчыга иш козгоо оңой болуп калганын айтты.

"Азыркы учурда Кыргызстанда камалбаган саясатчы калган жок. Баарыбыз, мамлекет жетекчиси баш болуп соттолуп, керек болсо айлап, жылдап отуруп чыкпадыкпы. Мындай иштер оңой болуп калды. Бул жаш талапкердин дарегине өтө эле шектенүүлөр айтылып жатат. Бир ай камалган дегени калп. Балким, болсо болгондур, бирок күнөөлүү деп табылып соттолгон эмес. Президент ага ишеним артып убадасын алган, өзү да таразалап көргөндүр. Менин оюмча, ыйык ЖКга алып келип жаткандан кийин текшерүүдөн өткөн", — деди Байсалов.

Андан соң Иманов ал "Дастанды" жетектеп турганда "Улан" заводуна иш козголгонун тастыктап, жетекчисин алмаштырганын белгиледи.

sputnik