Алматыда көчөлөр жабылып, антитеррордук операция жүрүүдө. Видео

19 января 2022 Алматыда көчөлөр жабылып, антитеррордук операция жүрүүдө. Видео

Алматыда бүгүн, 19-январда, антитеррордук операциялар жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, айрым көчөлөр кыймыл үчүн жабылган. Аймакты полиция кызматкерлери күзөтүп жатат. Мобилдик интернет начар иштеп жатканын агенттиктин кабарчысы жеринен билдирген.

ВИДЕО

Полиция элди кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасоого чакырып, ыңгайлуу маршруттарды тандоону сунуштаган.

ВИДЕО

"Бүгүн өзгөчө абал режиминин бүткөнүнө бир күн болду. Соцтармактарда өлкөнүн ар кайсы шаарларында митинг өткөрүү боюнча чакырыктар пайда болуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Талдыкоргандын борборунда дагы күч органдарынын өкүлдөрү байкалган.

sputnik